БАШЫНА КЫЛЫЧ ОЙНОТУУ
Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)Кыргын салуу, кылычташып чабышуу, катуу кармашуу. Башына кылыч ойнотуп, Каарданып кирди эле («Манас»). Алысыраак балбанды, Айза менен сойлотту, Андан жакын келгенин, Башына кылыч ойнотту («Сейтек»). Топ арасы улам суюлуп, каардуу душмандын башына кылыч ойнотуп жатты (Абдукаримов).